Сүт продукциялары менен сүт кошулган товарлар эми эки башка текчеге коюп сатылат

Соода түйүндөрү сүт жана курамында сүтү бар азыктарды эки башка текчеге коюуга милдеттендирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда сүт продукциялары менен сүт кошулган товарлар эки башка текчеге коюлуп сатыла баштайт. Тиешелүү токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, соода түйүндөрү сүт жана курамында сүтү бар азыктарды эки башка текчеге коюуга милдеттендирилет.
"Сүт азыктары жана сүт кошулган азыктар калктын тамактануу рационунун маанилүү бөлүгүн түзөт. Андыктан мындай чара товардын курамы боюнча элдин маалымдуулугун жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн укугун коргоо үчүн зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясы токтом долбоору элдин табигый сүт азыктарын консервант жана трансмайлар кошулган продукциядан айырмалай билүүсүн шарттай турганын айткан.
Мисалга, Кыргызстандан сүт сатып алган Россияда эки текче эрежеси 2019-жылдан бери иштейт.
Пресс-борбор
Өлкөдө 2029-жылга чейин сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көтөрүү максатталууда