Садыр Жапаров Борбор Азия президенттери менен жолугушуу үчүн Казакстанга барат

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен жолугушары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана "Борбор Азия+Япония" саммитине катышуу үчүн 8-10-августта Астанага барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланары айтылды.
Ошондой эле Садыр Жапаровдун саммиттин алкагында өткөрүлө турган "Борбордук Азия+Япония" бизнес-форумуна катышуусу күтүлүүдө.
Садыр Жапаров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Боррелди кабыл алды