Маалыматтарды электрондук форматта сактоочу мамлекеттик G-Cloud ачылат

G-Cloud ишке кирсе жеке маалыматтар толугу менен жакында ачыла турган мамлекеттик борбордун сайтында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда маалыматтарды электрондук түрдө сактоочу мамлекеттик G-Cloud ачуу максатталууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымат жыйында билдирди.
Министр куурда маморгандар маалыматтарды жоготуп албагандай кылып сактаган серверлерди ("Облачный сервер") сатып алып жаткандыктан бул нерсе абдан маанилүү экенин белгиледи.
"Баарын иреттеп жатабыз. Санарип документтердин санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик кызматтарды электрондоштурууга аракет кылуудабыз... Калкты тейлөө борборлорунун айрым иши айыл өкмөттөрүнө жүктөлүп, ал жакта операторлор иштейт. Ошондой эле айрым кызматтарды коммерциялык мекемелерге, мисалы, банктарга өткөрүп берүүнү пландап жатабыз", — деди Кутнаева.
G-Cloud ишке кирсе жарандардын маалыматтары толугу менен жакында ачыла турган мамлекеттик борбордун сайтында болору кошумчаланды.
ИИМ: эми соттолбогондук тууралуу маалым катты үч саатта алууга болот