Минкаб ЕАЭБден тыш нефть экспорттоону чектеген токтомуна өзгөртүү киргизди

Күйүүчү май ташыган автоунаалар. Архив
Экспортко чектөө ЕАЭБден тышкары аймакка, башкача айтканда, үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети ЕАЭБдин аймагынан тышкары нефть экспорттоону чектеген токтомуна өзгөртүү киргизди.
Белгилей кетсек, 2021-жылы 2-мартта өкмөттүн №66 токтому менен мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Өзгөртүүлөр ошол токтомго киргизилүүдө.
Ага ылайык, ички рынок камсыздалганга чейин же ЕАЭБде бирдиктүү рынок түзүлгөнгө чейин "Кыргызнефтегаз" тарабынан өндүрүлүүчү мазут жана мунай продуктуларынан (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2710), жергиликтүү заводдор өндүргөн АИ-80 бензининен жана жылытуучу отундан (коду ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710) башка мунай (коду ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 ) заттарды (коду ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710) өлкөдөн автомобиль транспорту менен ташып чыгууга чектөө коюлган.
Экспортко чектөө ЕАЭБден тышкары аймакка, башкача айтканда, үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү.
Токтом расмий жарыяланган соң 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов
Радио
Автогазга байланыштуу абал качан жөнгө салынары айтылды