Олимпиада оюндары — 2024

Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалына ээ болду

Балбан кыз турнирдеги жолун 1/8 финалдык баскычтан баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 68 килограммга чейинки салмак категориясынын финалында америкалык Амит Элорго 0:3 эсеби менен жеңилип, күмүш медалга ээ болду.
Ошентсе да ал эгемен кыргыз тарыхында Олимпиада оюндарынан катары менен медаль алган алгачкы спортчу болуп калды.
Жуманазарова турнирди 1/8 финалдык баскычтан баштап, монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда япониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп 3:1 эсеби менен жеңүүчү болгон.
Бул Мээрим Жуманазарованын Олимпиададагы экинчи медалы. Ал буга чейин Токиодо өткөн оюндардын коло медалын уткан.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргыз спортуна оомат эми келди. Садыр Жапаров олимпиадачыларга ийгилик каалады