Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында көп функционалдык спорт комплекси курулат

Комплексте эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командалардын машыгуусуна бардык шарттар түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функционалдык спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
1 / 3

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функционалдык спорт комплекси курулат

2 / 3

Маалыматка ылайык, кечээ УКМК төрагасы (Футболдук союздун президенти) Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында курулуш боюнча долбоор талкууланды

3 / 3

Комплексте эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командалардын машыгуусуна бардык шарттар түзүлөрү кошумчаланды

Маалыматка ылайык, кечээ УКМК төрагасы (Футболдук союздун президенти) Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында курулуш боюнча долбоор талкууланды.
"Кыргыз футбол союзунун колдонуусуна берилген Кара-Ойдогу 17,72 гектар жер тилкесинде заманбап спорт комплекси 2024-жылы курула баштайт. Жыйында объектинин эскиздик долбоору сунушталды. Аталган комплексте футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, бокс, гимнастика, оор атлетика, теннис жана башка спорттун олимпиадалык түрлөрү үчүн инфраструктура каралат", — деп айтылат маалыматта.
Комплексте эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командалардын машыгуусуна бардык шарттар түзүлөрү кошумчаланды.
Футбол боюнча курама команданын гимнине сынак жарыяланды