Өлкөдө ипотекалык программа боюнча 11,3 миң батир курулууда

Учурда ипотекалык кредиттин жылдык чени 4 пайызга төмөндөтүлүп, мөөнөтү 25 жылга чейин узартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында 11,3 миң батир курулууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, турак жайдын жалпы аянты 700 миң чарчы метр, баасы 36 миллиард сомду түзөт.
"2021-жылдан баштап мамлекеттик турак жай программасы колдоого алынды. 2021-жылдын августунан 2022-жылдын аягына чейин банктар аркылуу мамлекеттик ипотекага бюджеттен 4,5 миллиард сом бөлүнгөн. Ушул эле учурда ипотекалык кредиттин жылдык чени 4 пайызга төмөндөтүлүп, мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды. Натыйжада суроо-талап өсүп, турак жай кымбаттады. Мындан улам 2023-жылдан баштап ипотекалык кредиттерди берүү, турак жай курулушун каржылоо колго алынды. Учурда Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында аянты 700 миң чарчы метр, баасы 36 миллиард сом болгон 11,3 миң батир курулууда. Алар турак жайды каржылоо механизмдери аркылуу берилет", — деп жазылат маалыматта.
УКМКга берилген арыздан кийин... Ипотекалык компанияга 300 батир өткөрүлмөй болду