ЕАЭБде сүт өндүрүүнүн көлөмү өстү. Кыргызстандын көрсөткүчү

ЕАЭБде алты айдын ичинде жалпы 24 миллион 132,9 миң тонна сүт өндүрүлүп, былтыркы биринчи жарым жылдыкка караганда 2,4 пайызга көп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Армениядан башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө сүт өндүрүшү өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин отчетунда айтылат.
Маалымат январь-июнь айларына карата алынып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырылган.
Бул убакыт аралыгында жалпы 24 миллион 132,9 миң тонна сүт өндүрүлүп, көлөм 2,4 пайызга өскөн.
Өлкөлөр боюнча көрсөткүч:
Армения — 332 миң тонна (3,6 пайыз түшкөн);
Беларусь — 4 миллион 410,2 миң тонна (өсүш 7 пайыз);
Казакстан — 1 миллион 726,8 миң тонна (өсүш 4,3 пайыз);
Кыргызстан — 838,8 миң тонна (өсүш 2,7 пайыз);
Россия — 16 миллион 825,1 миң тонна (өсүш 1,1 пайыз).
Минкаб ЕАЭБден тыш нефть экспорттоону чектеген токтомуна өзгөртүү киргизди