Олимпиада оюндары — 2024

Амантур Исмаилов Олимпиададагы беттешин жеңиш менен баштап чейрек финалга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиадада Амантур Исмаилов атаандашы Рамаз Зоидзени жеңип, чейрек финалга чыкты.
Балбандар 67 килограмм салмак боюнча күч сынашты. Кыргызстандык спортчу каршылашын 12:1 эсеби менен жеңди. Ал жарым финалга чыгуу үчүн украиналык Парвиз Насибов менен күч сынашат.
27 жаштагы Амантур Исмаилов 2022-жылдагы дүйнө чемпионатында коло медаль алган.
Олимпиада оюндары — 2024
Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медаль үчүн күрөшмөй болушту