БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күч сынашат.
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков
© Photo / United World Wrestling / Kadir Caliskan
Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсеби менен жеңди.
Катарлаш эле өткөн беттеште 97 килограмм салмак менен күрөшүп жаткан Үзүр Жузупбеков АКШлык Жозеф Патрик Рауну 9:4 эсеби менен утту.
Эми Акжол Махмудов коло байге үчүн азербайжандык Санан Сулеймановго туш келсе, Үзүр Жузупбеков Египеттин спортчусу Мохамед Габр менен күч сынашат.
Коло үчүн беттештер бүгүн 23:30да башталат.