Тоо-кен өндүрүшү кооптуу болгондуктан кадр даярдоодо болон системасына өтпөй беш жылдык жогорку билим берүүнү сактап калганыбыз туура болгон. Бул тууралуу Арстанбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан эгемендик алган алгачкы он жылда тоо-кен тармагы абдан кыйналды.
"Мурда өндүрүш, байланыш жана жол тармагы союздун ичинде болсо, кийин ал чачыраганда алака токтоп, кээ бир өндүрүштөр продукциясын кайда сатарын билбей отуруп калды. Экинчиден, чоң ишканалар талкаланып кетти. Мисалы, Айдаркен сымап комбинаты, Кадамжай сурьма комбинаты, "Кристалл" заводу. Ушундай көп кыйынчылыктар болду. Союз учурунда Кыргызстан көмүрдүн кору көп өлкө деп эсептелчү. Азыр жылына 200 миңден 500 миң тоннага чейин көмүр өндүрүүгө араң жетишип калдык. Ошондой эле "Кумтөр" алтын комбинаты боюнча келишимде бир катар одоно кемчиликтер кеткен. Буга чейин окумуштуулар, аксакалдар муну айтып келгенбиз. Учурда өлкө башчынын жана министрлер кабинетинин кийлигишүүсү менен бул маселелер да чечилди. Алтын өндүрүүнүн көлөмү азайганы менен Кыргызстанга киреше көп түшүп жатат. Бизде Менделеевдин таблицасынын баары эле бар экени айтылат. Бирок анын көбү шарты оор жактарда. Тоолор өсүп, кыртыш жылышканына байланыштуу кендер да майдаланып, көлөмү азайып, сапаты түшүп кетүүдө. Ушуга карабай биздин инженерлер жолун таап, коңшу өлкөлөрдөн кем калышпай иштеп жатат. Кадр даярдоодо инженерлерди толук классикалык билим берүү менен окутуп чыкканыбыз жакшы болду. Учурда заманбап адистиктерди даярдоого камылгалар көрүлүүдө", — деди Абдиев.
Ал жер астындагы кен байлыктарды казып алуу адистигине окутуу жаатында суроо-талап күчтүү экенин кошумчалады.