Көчмөн жана отурукташкан элдердин оюндарын өткөрүү сунушталууда

Талкууга советтик жана россиялык киноактер, каскадер Александр Иншаков катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкекте эл аралык номад комитетин түзүү темасына арналган тегерек стол өттү.
Иш-чарага советтик жана россиялык киноактер, каскадер Александр Иншаков да катышкан.
Талкуунун катышуучулары көчмөн жана отурукташкан элдердин оюндарын өткөрүү мүмкүндүгүн кеп кылышты. Долбоордун автору, философия илимдеринин доктору, Экосоциалдык технологиялык академиянын мүчө-корреспонденти Таалай Эсеналиевдин айтымында, оюндардын долбоору 1988-жылы эле башталып, автордук укук патенттелген.
"Эл аралык номад комитетине Борбордук жана Чыгыш Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү кирет. Комитеттин түзүлүшүнө Вьетнам менен Лаос кызыкдарлыгын билдирди. Уюмдун штаб-квартирасын Вунгтау (Вьетнам) шаарында жайгаштыруу маселеси талкууланууда. Комитет көчмөн жана отурукташкан элдердин оюндарын уюштуруу менен алек болот", — деди Эсеналиев.
Ал аталган оюндарды Олимпиада оюндары менен салыштырууга болорун, бирок мында спортчулардын жаш курагына чектөө коюлбай турганын кошумчалады.
Көчмөн жана отурукташкан элдердин дүйнөлүк оюндарын өткөрүү идеясынын потенциалы кеңири экенин журналисттерге россиялык каскадер, актер Александр Иншаков билдирди. Анын айтымында, бул оюндар Олимпиада мелдештерине каршы келбейт.
"Көчмөн жана отурукташкан элдердин дүйнөлүк оюндары улуттардын ортосундагы маданий жана спорттук алаканы жакшыртуу үчүн өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирүү болуп саналат. Албетте, мындай масштабдуу иш-чара ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кылат, бирок башкы максаты ошого татыйт", — деди Иншаков.
Министрлик: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт