Кыргызстан Бакудан мунай алып, койдун этин, төө буурчакты экспорттоо ниетинде

Элчи менен министрдин орун басары жүктөрдү ташуу маселелери боюнча да сөз кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстан Азербайжанга койдун эти менен төө буурчак экспорттоп, ал эми алардан мунай алууну көздөп жатат. Бул маселе Кыргызстандын Бакудагы элчиси Максат Мамытканов менен аталган өлкөнүн экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолукканда талкуулангандыгын ТИМден билдиришти.
"Жолугушууда эки тараптын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Анын ичинде Азербайжандан Кыргызстанга мунай жеткирүү жана ата мекендик айыл чарба продукциясын, тактап айтканда, кой этин жана төө буурчакты экспорттоо боюнча сөз жүрдү", — деп айтылган анда.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи – Азербайжан каттамы боюнча жүктөрдү ташуу маселелери, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунан улам жүктөрдүн келечектеги көлөмү боюнча да кеп кылышкан. Тараптар бул багыт боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу бирдей пикирге келишкени айтылды.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Кыргызстан менен Азербайжандын башкы прокурорлору эки документке кол коюшту