Августта Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кечелер өтөт. Убактысы

Иш-чаралар жума күндөрү кечки саат 19:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы бир ай бою ордо калаада ачык асман алдында музыкалык кечелер уюштуруларын маалымдап, убакыт-саатын айтты.
Музыкалык кечелер жума күндөрү кечки саат 19:00дө башталат. Өтө турган жерлер:
8-август — Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин жана "Доор" фольклордук ансамблинин концерти. Ынтымак-2 паркы;
16-август — "Семетей" ыр жана бий ансамбли, "Сувенир" ыр жана бий ансамблинин концерти. Уркуя Салиева атындагы аянт;
23-август — Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестри жана "Кыргыз руху" эстрадалык-фольклордук ансамблинин концерти. Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аллея.
30-августка чейин акысыз концерттер болот. Бишкек мэриясы элди чакырды