Финансы министрлиги 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды. Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери, Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү, Салыктык эмес түшүүлөр боюнча пландар кандай аткарылды? Бюджеттин профицити кайда жумшалат? Өлкөнүн мамлекеттик карызы канча болду жана аны төлөө кандай тартипте жүрүүдө?
Жарым жылдагы көрсөткүчтөр тууралуу Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Талант Келдибеков маалымат берди.