Өлкөдө «Ишкердик субъектилерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр кирип, июль айынын башынан бери Ветеринардык кызмат текшерүүлөрүн жандантты. Анын алкагында миңден ашуун ишканага пландык жана плансыз текшерүү жүргүзүү каралган. Бир эле айда ветеринардык санитардык талаптарды аткарбаган субьектилерге 456 миң 500 сом айып пул салынды. мораторийге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө эмне себеп болду? Жалпы эле өлкөдө ветеринардык абал кандай?
Ушул жана башка суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектору Азамат Кулов жооп берди.