Япония өзөктүк курал боюнча АКШга эч нерсе дей албай... Видео

1945-жылдын 6-августунда дүйнө өзөктүк курал деген эмне экендигин билип, селт этти. Эртең менен америкалык Enola Gay Хиросимага Little Boy атом бомбасын таштаган.
Sputnik
"Эч нерсе эмес, муну суу менен оңой эле жууп салууга болот", — деген президент Трумэн илимпоз Роберт Оппенгеймерге.
Окумуштуу анын кесиптештери япон шаарларын бомбалап, "канга колун матырып алып жүргөндөй" жаман болуп жатканын айтканда жогорудагыдай жооп алган.
80 жылдан бери америкалык бир дагы президент жүз миңден ашуун япондуктун өлүмү үчүн кечирим сураганга жараган эмес.
2023-жылы Япониянын премьери Фумио Кисида жана Хиросима шаарынын мэри Кадзуми Мацуи бомбалоо болгон күндөгү эскерүү иш-чарасында Вашингтондун бул трагедияга жоопкер экени тууралуу үн ката алган жок. Бирок Россиянын өзөктүк курал боюнча кооптуулугун саймедирешкен.