Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков Фумитага жеңилди, эми коло үчүн күрөшөт

Спортчу эми коло медаль үчүн күрөшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жоламан Шаршенбеков Парижде өтүп жаткан XXXIII жайкы Олимпиаданын финалына чыга албай калды.
Ал (60 кг салмакта) жарым финалда япониялык Кеничиро Фумитага утулду. Беттеш 4:3 эсебинде жыйынтыкталды.
Жоламан менен Фумита буга чейин эки жолу кездешкен. Биринчи кармаш 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында болгон, анда Фумита 4:0 эсеби менен утуп кеткен эле. Экинчи жолу дүйнө чемпионатынын финалында Жоламан жеңген.
Эми Шаршенбеков Олимпиаданын коло медалы үчүн күрөшөт.
Олимпиада оюндары — 2024
Баракелде! Мээрим Жуманазарова Олимпиадада жарым финалга келди