Олимпиада оюндары — 2024

Жакшы кабар! Мээрим Жуманазарова Олимпиадада финалга чыкты

Финалдык беттеш 6-августта өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан XXXIII жайкы Олимпиаданын финалына чыкты.
Ал жарым финалдык күрөштө нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде жеңди.
Жуманазарова беттешин 68 килограмм салмакта 1/8 финалдык баскычтан баштап, монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда япониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип алган.
Кыргызстандык балбан кыз эми эртең, 6-августта, финалда алтын медаль үчүн күрөшөт.
Буга чейин Жоламан Шаршенбеков япониялык Кеничиро Фумитага утулуп, тилекке каршы, Олимпиаданын финалына чыга албай калган. Эми ал эртең, 6-августта, коло медаль үчүн күрөшмөкчү.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада: Мунарбектин кезектеги атаандашы тууралуу эмне белгилүү