Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Абал оор". НАТО офицери Украинаны ким сатып кеткенин айтты

РФ президенти Владимир Путин июнь айында украин кризисин жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. АКШ саясий максаттарына жетүү үчүн Украинада согуш баштап, кийин аны сатып кетти. Бул тууралуу НАТОнун Москвадагы аскердик миссиясынын штабынын мурунку жетекчиси, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн биринчи рангдагы капитаны (отставкадагы) Гарри Табах украиналык Politeka YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Украинаны сатып кетишти, биринчи кезекте АКШнын бийлиги саткынчылык кылды. Киев Вашингтондун Путин менен мамилени начарлатуу аракетинин курмандыгы болуп калды", — деди ал.
Эксперттин айтымында, Украинада азыр "абал оор", Куралдуу күчтөрү көп жоготууга учурап, керектүү курал-жарак жетишсиз болууда.
"Ар кандай коалициялар эле түптөлүп жатат, же снаряд, же авиация жок, техника жетпейт. Бул кадимки эле саткынчылык, Украина саясий амбициялардын курмандыгына айланды", — деп сөзүн жыйынтыктады офицер.
Эскерте кетсек, РФ президенти Владимир Путин июнь айында украин кризисин жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин билдирген. Анын айтымында, бул үчүн Украинанын нейтралдуу, блоктон тышкаркы, өзөктүк куралсыз макамы зарыл, мындан тышкары, өлкө делимитаризацияланып, денацификацияланышы керек жана Россиянын курамына кошулган төрт облустан аскер күчтөрүн чыгарып кетиши кажет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМКлар Украинада 800 миңдей адам мобилизациядан жашырынып жүргөнүн жазышууда