Нарын: табарсык тушка арматура кирип кеткен өспүрүмдү сактап калышты

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Дарыгерлер Нарында бийиктен кулап кетип табарсыгына арматура сайылып калган 16 жаштагы өспүрүмдү аман алып калышты. Бул туурасында Нарын облустук бириккен ооруканасынын директорунун орун басары Эламан Алиев билдирди.
Кырсык мындан эки жума мурда курулушта болгон, өйдө жактан кулаганда арматуранын 18 сантиметри кирип кеткен.
Бейтаптын кан тамырлары үзүлүп, жоон ичеги, табарсыгы жабыркаган. Баланын өмүрүн сактап калыш үчүн дарыгерлер беш саат күрөшкөн.
Алиев өспүрүмдөн кан көп кетип калгандыктан кан куюуга туура келгенин да кошумчалаган.
Абалы жакшыргандан кийин бейтапты ооруканадан үйүнө чыгарышкан.
Дарыгерлер айры сайылган өспүрүмдү сактап калышты. Жалал-Абаддагы окуя