Радио

Насиралы уулу: Кыргызстандын табиятын көрүп ыйлаган туристтер бар

Ишкер Ниематалы Насиралы уулу алыскы өлкөлөрдөн келген туристтерди Кыргызстандын табияты кызыктырарын айтты.
Sputnik
Кыргызстанга келген туристтер көбүнчө тоодогу туризмди баалашат. Бул тууралуу Ниематалы Насиралы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Чуңкурчак жайлоосун араб өлкөлөрүнөн келгендер жакшы көрүшөт.
"Араб өлкөлөрүнөн келген туристтерди Кыргызстанда эмне кызыктырат? Албетте, бул биздин табият. Бирөөнө Көк-Жайык жагат, кээ бирлерине Кырчын жайлоосу жагат, айрымдары Суусамырга барат. Мисалы, Суусамырда дарак жок, бирок жердин кенендиги, аны курчаган тоолор араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин купулуна толот. Билсеңиз керек, азыр араб өлкөлөрүндө 55 градус ысык. Суусамырга барып, өзгөчө салкын экенин көрүп, суктанышат. Кечинде жылыткычтарды иштетебиз десек таң калат, бирок кечинде өздөрү дагы көрүп, буга күбө болуп жүрүшөт. Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер Ала-Арчага, Чуңкурчакка көп барышат. Биринчиден, Бишкек шаарына жакын. Экинчиден, аталган жайлардын табияты чындап керемет. Кыргызстанга келип-кетип жүргөн туристтердин арасында Чуңкурчактын араб тилинде өз аты бар, кыргызчага которсок "муздак суу" дегенди түшүндүрөт. Көрүп жүрсөңүз керек, Чуңкурчакка чыгып барганда эле ойдуң болуп, алаканга салгандай көрүнүп турат. Ар жакта тоолор, ак мөңгүлөр, шаркырап суу агып турса, тизилген боз үйлөр өзгөчө эмоцияларды тартуулайт экен. Бул көрүнүштү көрүп "силер бейиштин төрүндө жашайсыңар" деп ыйлаган туристтер дагы бар", — деди Насиралы уулу.
Ошондой эле ал араб өлкөлөрүнөн Кыргызстанга турист катары бир жылда 3-4 жолу келип кеткендер бар экендигин кошумчалады.
Тема боюнча:
Чакиев: өлкөдө элиталык туризм багытын жандандыруу керек