Юстиция министрлиги Кыргызстандагы жатак абактарды таратуу ниетинде

Подводка: Сунушту өкмөт менен парламент колдосо, ири реформа жүргүзүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жатак абактарды таратып, аны пробация институту менен алмаштыруу пландары бар экенин юстиция министри Аяз Баетов брифингде айткан.
Эске салсак, жатак абактар караган Жазаларды аткаруу кызматы Юстиция министрлигинин түзүмүнө кирет.
"Кырдаалга реалдуулук менен караш керек. Жатак абактар механизм катары заманбап коом менен экономикалык системаны азыркы деңгээлине ылайык келеби? Мен ишене албай турам. Бул механизмди колдонуу үчүн зарыл ресурстарды, инфраструктураны жана ошол жерде болгон адамдардын санын алып, анализ жасадык. Мен ошол колонияларда абал чындыгында кандай экенине токтолгон жокмун. Электрондук билериктер менен пробациянын айырмасы, адам үйүндө турганда же жатак абакта жүргөндөгүсүнүн чынында, айырмасы жоктугун түшүнүп жатабыз", — деген ал.
Министр бул экөө бири-бирин кайталап жатканын белгилеген.
Ал эгерде бул демилгени өкмөт менен парламент колдосо, ири реформа жүргүзүлөрүн кошумчалады.
"Жатак абактар механизминин кереги жок деп ойлойбуз. Ал жактагы бардык жарандар пробацияга өткөрүлөт", — деген Баетов
Шектүүлөр эми электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөнөт. Мыйзамга кол коюлду