Олимпиада оюндары — 2024

Үзүр Жузупбеков Олимпиаданын колосу үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жузупбеков (97 кг) Париждеги Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Жузупбеков бүгүн 1/8 бөлүктө литвалык Миндаугас Венскаитисти жеңген, бирок чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге утулуп калган.
Жарым финалга өткөн Мохаммад Хади Сарави финалга чыгып, кыргыз балбаны коло үчүн ат салышууга мүмкүндүк алды.
Жубатуучу беттеште Үзүр Жузупбеков АКШлык Жозеф Патрик Рау менен кездешет. Бул беттештер эртең, 7-августта, саат 15:00дө башталат.
Олимпиада оюндары — 2024
Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалы үчүн күрөшөт