Пресс-борбор

Кыргызстан жумуртка менен өзүн толук камсыздоодо

Эки жыл мурда өлкө жумуртка менен өзүн 60 пайызга гана камсыз кыла алчу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстан өзүн жумуртка менен толук камсыздайт. Бул тууралуу Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын жетекчиси Динара Керимкулова билдирди.
Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын жетекчиси Динара Керимкулова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарага катышкан.
"Акыркы эки жылда аталган тармак тез өнүктү. Буга чейин өзүбүздү жумуртка менен толук камсыздоону кыялданчу элек, эми ал ишке ашты. Эки жыл мурда өлкө бул продукция менен өзүн 60 пайыз гана камсыз кыла алчу", — деди Керимкулова.
Белгилей кетсек, норма боюнча, бир адам жылына орточо 183 жумуртка жеши керек.
Июнда минкаб жумуртка импортуна убактылуу тыюу салган. Мындай чечим жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алынган болчу. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай алышарын айтышкан.
Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги акыркы эки жылда өлкөдө жумуртка өндүрүү эки эсе өскөнүн билдирген.
Пресс-борбор
Багбандар кулпунайдын түшүмдүүлүгүн эселеп көбөйтүүнү мерчемдеп жатышат