Олимпиада оюндары — 2024

Жоламан Шаршенбеков Олимпиаданын коло медалын утту

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жоламан Шаршенбеков Парижде өтүп жаткан XXXIII жайкы Олимпиадада коло медалга ээ болду.
Ал грек-рим күрөшүндө 60 килограмм салмакта коло үчүн беттеште ирандык спортчу Мехжи Мохсен Нежад менен кез келди.
Балбан жарым финалда япониялык Кеничиро Фумитага 4:3 эсебинде жеңилип калган. Ага чейинки баскычтарда казак балбаны Айдос Султангалини, кийин румыниялык Арнаут Рэвзанды жеңген.
Бул Париждеги Олимпиада оюндарындагы кыргыз спортчулары үчүн биринчи жана тарыхтагы сегизинчи медаль болуп калды.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргыз спортуна оомат эми келди. Садыр Жапаров олимпиадачыларга ийгилик каалады