Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт

ЖККУнун жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен машыгуулар 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин Чүй жана Ысык-Көл облусунда өтөрү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Сентябрда Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт. Бул тууралуу уюмдун Telegram каналында жазылган.
Белгилүү болгондой, 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин Чүй жана Ысык-Көл облусунда ЖККУнун жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен машыгуулар өтөт.
"Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн, ИИМ, ӨКМ жана атайын кызматтарынын контингенттери, уюмдун катчылыгынын жана бириккен штабынын ыкчам топтору катышат. Армения тарап машыгууларга катышпай турганын маалымдады", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкө аймагында өтө турган "Кызматташуу — 2024", "Эшелон — 2024" жана "Издөө — 2024" машыгууларына даярдык көрүүнү тапшырган.
ЖККУ башкы катчысы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөдү