УКМК өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге издөө жарыялады

Чогултулган материалдардын негизинде Октябрь райондук соту Абдувалиевди сыртынан камакка алууну чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. УКМК өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге (Салимбай байбача) эл аралык издөө жарыялаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган.
"Салим Абдувалиев Кыргызстандын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө таасирин кеңейтүүнү көздөгөн. Буга кайсы бир деңгээлде жетишип, Камчы Асанбектин жана анын тобунун кылмыштуу ишмердигин ар тараптуу колдогон жана системалуу негизде каржылаган", — деп айтылат маалыматта.
Чогултулган материалдардын негизинде Октябрь райондук соту тарабынан Абдувалиевди сыртынан камакка алуу бөгөт чарасы кабыл алынганы айтылды. Мындан тышкары, ага мамлекеттер аралык жана Интерпол линиясы боюнча издөө жарыяланганы кошумчаланды.
УКМК: Таласта облустун үчтөн бир бөлүгүнө тете жер мамлекетке кайтарылды