Бир аптадан бери изделип жаткан аялдын сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Токмокто бир аптадан бери изделип жаткан аялдын сөөгү кечээ табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Буга чейин беш баланын энеси 28-июлда эртең менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип 30-июлда анын жакындары милицияга кайрылышканы кабарланган.
"Кечээ Т.Д. аттуу аялдын сөөгү Дунларов көпүрөсүнүн алдынан табылды. Алдын ала кароодо зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Пресс-борбор
ИИМ: быйыл алты ала качуу фактысы катталды