ТИМ башчысы Кулубаев жарым жылда түзүлгөн келишимдерди тизмектеди

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев брифингде жарым жылда макулдашылган маанилүү келишимдерди тизмектеди.
Кеп социалдык, инфраструктуралык жана башка тармактардагы долбоорлор жөнүндө болуп жатат.
Тизме:
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун бирге илгерилетүү боюнча кызматташуу келишилди;
Энергетика жана финансы министрлиги менен биргеликте Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоого даярдык башталды;
Ислам өнүктүрүү банкы менен шариятка ылайык арзан турак жайдын курулушун каржылоо макулдашылды (суммасы 79 миллион доллар);
"Бедел" эл аралык өткөрүү пунктунун ачылышы боюнча Кытай менен келишим түзүлдү;
Бельгиядагы бизнес форумдун алкагында Европа инвестициялык банкы менен транспорт тармагындагы долбоорлорду 150 миллион еврого каржылоо макулдашылды;
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушууда британ тарап Борбор Азиядагы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн 50 миллион фунттук фонд түзүүгө даяр экендигин билдирди;
Сауд өнүктүрүү фонду менен мектептерди куруу боюнча долбоорду улантуу келишилди (50 миллион доллар);
Өзбек-кыргыз фонду быйыл 30 миллион долларга 16 долбоорду каржылай баштады;
Россия тарап менен уран калдыктарын рекультивациялоого 2 миллиард рубль бөлүү боюнча макулдашылды.
ЕЭК: Россияда сунушталган миграциялык чектөөлөрдүн ЕАЭБ жарандарына тиешеси жок