Пресс-борбор

Багбандар кулпунайдын түшүмдүүлүгүн эселеп көбөйтүүнү мерчемдеп жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жаңы технология жана илимдин жардамы менен мөмөнүн, анын ичинде кулпунайдын экспортун жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу Мөмө өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.
Мөмө өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев
"Кулпунайдын түшүмдүүлүгү гектарынан 8 тоннага жетет, Калифорнияда бул көрсөткүч 10 эсе жогору — 80 тонна. Америкалык жана кыргыз фермерлери анчалык деле айырмаланбайт. Болгону аларда технология, заманбап билим, башкача айтканда, илим жеткиликтүү", — деди Токтогазиев.
Ал айтылгандарды өлкөгө алып келип, 80 тонна болбосо да анын жарымына тете түшүм алуу керектигин кошумчалады.
ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 млрд. долларга бааланууда