Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүргөн окуя: жабырлануучу камакка алынды

Буга чейинки "Уруп-сабап кыйноо" беренеси боюнча козголгон кылмыш иште жабырлануучу катары өтүп жаткан 16 жаштагы өспүрүм камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүрүп, санга бычак сайган окуя боюнча жабырлануучу камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу чагымчылыкка барып, шектүүнү кылмышка түрткөн.
"Майда 19 жаштагы Ч.И. жана 16 жаштагы К.Ж. ортосунда келишпестик пайда болгон. Мындан кийин жабырлануучу шектүүнүн Б.А. аттуу карындашын (бир тууган эмес) "өлтүрөм" деп билдирүү жазып, коркуткан. Кийин К.Ж. шектүүнү жолугушууга чакырып, ал жерге өлтүрүү үчүн маки ала келген. Бирок ниетин ишке ашыра албай калган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча "Киши өлтүрүүгө даярдык көрүү" беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бардык СМС-жазышуулар, маки жана башка далилдер алынган. Натыйжада буга чейинки "Уруп-сабап кыйноо" беренеси боюнча козголгон кылмыш иште жабырлануучу катары өтүп жаткан 16 жаштагы өспүрүм камакка алынды.
Эске салсак, буга чейин өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган. Анда өзүн Принц деп атоону талап кылган жигит жаш балага бутун өптүрүп, андан кийин санына бычак сайганын көрүүгө болот. Бул боюнча Чүй ОИИБи маалымат берип, шектүү кармалып, "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Кийин бул иш "Бейбаштыктан" "Уруп-сабап кыйноого" өзгөртүлгөн. Коомчулукта бул резонанстуу иш "Сокулук ханзаадасы" (Сокулукский принц) деп белгилүү болуп калды.
Милиция Сокулукта кордолгон өспүрүм боюнча такталбаган маалымат таратпоого чакырды