БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районундагы токой чарбанын 161 гектар жерин өзү билемдик менен ээлеп алууга шектелип мурдагы аткаминер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү ал жерге уруксат документтери жок мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттарды куруп, туристтерди кабыл алып келген.
"А.И.А. 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып Ат-Башы районундагы Чар токой чарбасынан 160,9 гектар жерди бекер пайдаланууга алган. Бирок 17 жылдан бери бюджетке эч кандай милдеттүү алымдарды төлөгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Мурдагы аткаминер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
УКМК 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп Исабек Абдыгазиев иштегенин кошумчалады.