Өлкө боюнча 558 курулуш компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулду. Тизме

2001-жылдан бери 7,5 миңдей лицензия берилсе, анын эки миңге жакыны гана иштетилери айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өлкө боюнча 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларга тиешелүү документтерин топтоп, лицензияны калыбына келитирүү үчүн 90 күн убакыт берилген.
"2001-жылдын 31-майындагы жобо менен курулуш ишин жүргүзүүгө берилген 558 лицензиянын иши 90 күндүк мөөнөткө токтотулду. Лицензиаттар белгиленген тартипте тиешелүү документтер менен Мамкурулушка кайрыла алышат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз түшпөсө лицензиялар жокко чыгарылат", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин 2001-жылдан бери 7,5 миңдей лицензия берилсе, анын эки миңге жакыны гана иштетилери айтылган.
Лицензиясы убактылуу токтотулган компаниялардын толук тизмеси менен таанышып алууга болот.
Курулуш ишмердүүлүгү үчүн берилчү лицензиянын баасы жогорулады