Пресс-борбор

Өлкөдө 2029-жылга чейин сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көтөрүү максатталууда

Сүт өндүрүүчүлөрдүн маалыматы боюнча, азырынча өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн үчтөн бир бөлүгү гана кайра иштетилет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. 2029-жылга чейин сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Сүт өндүрүүчүлөр уюмунун аткаруучу директору Сыймык Тайчабаров билдирди.
Сүт өндүрүүчүлөр уюмунун аткаруучу директору Сыймык Тайчабаров
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Садыр Жапаровдун токтому ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту көбөйтүүгө кандай жардам берет?" деген аталыштагы брифингге катышкан.
"Өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн үчтөн бир бөлүгү гана кайра иштетилери аныкталды. Токтомго кол коюлгандан кийин сүт тармагын өнүктүрүү боюнча концепцияны бекитүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал 2029-жылга чейин жеке сектор менен бирге сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көтөрүүгө жардам берет", — деди Тайчабаров.
Сүт өндүрүүчүлөр уюмунун башчысы сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү дагы максатталып жатканын кошумчалады.
Нарында сүт топтоо пункту ачылды