"Тазалык" сезондо иштей турган жумушчуларды издеп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы сезондук жумушчуларды издейт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушчулар сырдоо иштери үчүн талап кылынып, маянасы 40-45 миң сомго чейин жетет.
Ишканадан жумушчулар суук түшкөнгө чейин иштей аларын белгилешти.
Сурап-билүү үчүн телефон: 0707 877 724.
Бишкекте таштандыны чар-жайыт төккөндөр эми камера менен көзөмөлдөнөт