Зардалынын зарыгып күткөн жолу кандай салынып жатат? Видео

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Алыскы Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолунун тар жерлери тазаланып, кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Видеодо жолчулар 85 чакырымды түзгөн Сох — Кан — Зардалы жолунун 78-85-чакырым аралыгын кеңейтип жаткан учуру.
"Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Аны башка айылдар менен жалгыз гана унаа жол туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат", — деп жазылган маалыматта.
Президент Садыр Жапаров апрелде Зардалыга кеткен жол 2025-жылдын жазында салынарын билдирген. Ал жолду эки тилкелүү кылуу мүмкүн эместигин белгилеп, бул жолдун маанилүү экенин айткан.
Бишкектеги жолдордо коомдук транспорттор үчүн сызыктар кийинчерээк кайра чийилет