ӨКМ: Баткенде базардан өрт чыгып, өспүрүм каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Баткенде базардан өрт чыгып, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Раззаков шаарында жайгашкан "Мадамин" базарынан өрт чыккан.
"Өрттү өчүрүүгө саат 11:24тө Лейлек райондук өрткө каршы бөлүмү тартылып, саат 11:55те чектөөгө алынган. Кырсыктан жабыркаган 16 жаштагы бала Тез жардам кызматына өткөрүп берилип, ооруканада каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик жалын 42 чарчы метрди каптаганын, учурда анын себеби такталып жатканын кошумчалады.
ӨКМдин Бишкектеги өрткө каршы бөлүгү 54 метрлик автошатылуу болду. Сүрөт