Олимпиада оюндары — 2024

Акжол Махмудов жарым финал үчүн күрөштө алдырып койду

Махмудов буга чейин АКШлык Камал Бэйди 4:1 эсеби менен жеңсе, казакстандык спортчу колумбиялык Алексис Муньосту уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Акжол Махмудов казакстандык Демеу Жадраевге жеңилип калды.
Балбандар Париждеги Олимпиаданын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинин 77 киллограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Махмудов буга чейин АКШлык Камал Бэйди 4:1 эсеби менен жеңген. Ал эми казакстандык спортчу колумбиялык Алексис Муньосту уткан.
Эгер казак балбаны финалга чыкса, Акжол Махмудов жубатуучу күрөштө коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алат.
Олимпиада оюндары — 2024
Үзүр Жузупбеков атаандашын көтөрүп уруп, чейрек финалга чыкты