Олимпиада оюндары — 2024

Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңип, кийинки баскычка чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиадада Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты.
Кыргыз балбаны грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта 1/8 баскычта АКШлык Камал Бэй менен кездешип, 4:1 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Махмудов кийинки баскычта колумбиялык Алексис Муньосту 8:0 эсеби менен жеңип алган казакстандык балбан Демеу Жадраев менен кез келет.
Олимпиада оюндары — 2024
Жоламан Шаршенбеков коло үчүн ким менен беттешери белгилүү болду