Олимпиада оюндары — 2024

Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалы үчүн күрөшөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалы үчүн күрөшөт.
Ал турнирге грек-рим күрөшүнүн 77 килограммга чейинки салмак категориясында катышууда.
Бул мелдештин чейрек финалында кыргыз балбанын уткан казакстандык Демеу Жадраев жарым финалда азербайжандык Санан Амрах оглы Сулеймановду 6:1 эсебинде утуп финалга чыкты.
Жубатуучу беттештер эртең саат 15:00дө башталат. Махмудов колумбиялык Алексис Муньоза менен күрөшүп утса, коло медаль үчүн беттешүүгө жол ачылат.
Спортчу үчүн салык жеңилдиги, азайтылган камсыздандыруу төгүмү. Мыйзам чыкты