Палестина президенти Аббас Хания эмне себептен өлтүрүлгөнүн айтып берди

Араб тынчтык демилгеси Израилди оккупацияланган палестиналык аймактарды бошотууга чакырып, ордуна коңшулары менен алакасын жөнгө салып берүүнү сунуштап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Палестина президенти Махмуд Аббас РИА Новости агенттигине маек куруп жатып, ХАМАСтын саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшү Израилдин Газа секторундагы аскердик кампаниясын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү оорлоторун билдирип, анын уюштуруучуларын чырды создуктуруп жатат деп айыптады.
Палестиналык исламчылардын кыймылы Тегеранга Иран президентинин инаугурациясына келген лидеринин өлүмүнө жоопкерчиликти Израилге жүктөгөн. Тель-Авив буга эч кандай реакция кылган эмес.
"Хания мырзанын өлтүрүлүшү согушту создуктуруу жана анын масштабын кеңейтүү максатын көздөй турганынан шек жок. Бул кылмыш ок атууну токтотуу боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө жана Газадан израилдик аскер күчтөрүнүн чыгарылышына терс таасир тийгизет. Анткен менен элибизди чыдамдуулукка, биримдикке чакырабыз", — деген Аббас.
Ал Палестинанын улуттук администрациясы ХАМАС менен көп жылдан берки пикир келишпестикке карабай Ханиянын өлтүрүлүшүн сындап чыкканын эске салды.
"Биздин баамыбызда, бул — Израиль саясатынын коркоктугу жана кооптуу көрүнүшү", — деди Аббас.
Араб тынчтык демилгеси Израилди оккупацияланган палестиналык аймактарды бошотууга чакырып, ордуна коңшулары менен алакасын жөнгө салып берүүнү сунуштап келет.
Аббас муну менен бирге тынчтык процессин Россияга болчу сапарынын алкагында президент Владимир Путин менен да талкуулай турганын кошумчалаган.

ХАМАС саясий бюросунун башчысынын өлтүрүлүшү

ХАМАС 31-июлда Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга келген Исмаил Хания резиденциясына жасалган соккудан улам каза тапканын билдирген. Палестиналык кыймыл анын жоопкерчилигин Тель-Авив менен Вашингтонго жүктөп, кол салуу жоопсуз калбай турганын эскерткен эле.
Өз кезегинде ЦАХАЛ Ханиянын өлтүрүлүшү боюнча билдирүүлөргө эч кандай реакция жасабай турганын айткан болчу. The Jerusalem Post гезити израилдик министрлерге окуя тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүгө тыюу салынганын жазган.
The New York Times гезитинин маалыматы боюнча, Хания өлтүрүлгөндөн кийин Ирандын руханий лидери Али Хименеи Израилге түз сокку урууга буйрук берген. Кийинчерээк өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ирвани Тегеран эл аралык укук нормаларына таянуу менен керектүү учурда өзүн-өзү коргоо укугун сактап каларын билдирген. Ал Ханияны жок кылуу америкалык чалгын кызматынын колдоосу менен ишке ашканын белгилеп, БУУнун Коопсуздук кеңешин еврей мамлекетине санкция киргизүүгө чакырган.
Иранда ондогон коопсуздук кызматкерлери кармалганы айтылды