Эксперт: ШКУ Европада сынга кабылганы менен, уюм иш жүзүндө өзүн көрсөтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Шанхай Кызматташтык Уюму Азия менен Европанын саясий айдыңына кирип бара жатат. Бул туурасында саясат таануучу Марс Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна интервью берип жатканда айтып, уюмдун тездик менен өнүгүп жатканын кошумчалады.
Европада ШКУ кайсы бир маселелерде "жүүнү бош' деп сынга алынганына карабастан (анда пикири келишпеген өлкөлөрдүн болушу айтылат), бирикме өзүнүн ийгиликтүү иштеп жатканын көрсөтүп жатканын белгилеген.
"Европада биримдиги бардыгы кара же ак гана болушу керек деген европалык ыкма боюнча бааланат. Ал эми бирикменин лидерлеринин бири болгон Кытайдын маселени чечүүдө өзүнүн, Чыгышка тиешелүү болгон жолдору бар. Эгерде ШКУнун өнүгүү динамикасын карап көрсөк, союз өзүнүн аймагын кеңейтүүдө. Ага эми Беларусь кошулду", — деп белгиледи Сариев.
Эксперт бул уюм саясий өңүттө евразиялык да, борбор азиялык да мейкиндикте салмагы оор тартып бара жаткандыгын кошумчалады.
Радио
Мамытов: дүйнөлүк башкаруу Батыштан Чыгышка ооп жатат