БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ушул тапта республика боюнча 251,3 миң гектар аянттагы кылкандуу дан эгиндери же жалпы эгин аянтынын 51,3 пайызы жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпысынан республика боюнча 888 комбайн иштетилүүдө.
"Кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 29 центнерди түздү, бул өткөн жылдагыга караганда 12 пайызга көп. Буудайдын түшүмдүүлүгү Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында гектарынан 32-33 центнерден алынып жатат. Жалпысынан өлкө боюнча 395 миң тонна буудай жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 175 миң тоннага көп. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында, анда дыйкандар гектарынан 28,5 центнерден түшүм алууда", — деп айтылат маалыматта.