7-августка карата аба ырайы

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 32…37, Талас аймагында 30…35, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын өрөөнүндө 25…30 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 34…36, Ош шаарында 35…37 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада 26…28 градуска көтөрүлөт.
Күн катуу ысыйбы? Август айына карата аба ырайы