Президенттикке ат салышмак. Өлүмү сырдуу Сатыбалды Жээнбеков

Sputnik
Сатыбалды Жээнбеков 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. 24 жашында ошол мектепке жетекчи болуп дайындалган. Азыркы тапта аталган окуу жайга Сатыбалды Жээнбековдун ысымы ыйгарылган. 30 жашында Сатыбалды Жээнбеков телеге дикторлорду тандоо жүрүп жатканын угуп, өз күчүн сынап көрүүнү чечет. Коңур үндүү, эки тилде так сүйлөгөн адам сынактан дароо өтүп, мамлекеттик каналда диктор болуп иштеп калган. 1995-жылы чагымчыл аракеттерге карабастан Сузак районунун эли саясий ишмерди бир добуштан колдоп берген. Ал мандатты да кеч алганы айтылат.
Убагында Сатыбалды Жээнбеков 2000-жылы президенттик шайлоого катышат деген да кептер айтылган. Өзү да чогуу жүргөн адамдарына "балким даяр болуп калса,м президенттик шайлоого катышып калышым мүмкүн" деп айтканы бар.