Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Кыргызстанда радиожыштык боюнча жаңы система ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан азырынча жаңы автоматташтырылган маалыматтык система тесттик режимде иштеп баштады. “Лицензиялык-уруксат берүүчү реестр” маалыматтык системасынын долбоору радиожыштык спектри жаатындагы көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртууга багытталган. Санариптештирүү иштери жарандар үчүн да жана бизнес үчүн да натыйжалуулукту да, ыңгайлуулукту да камсыздайт. Ведомствонун маалыматына ылайык, “Лицензияга-уруксат берүүчү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасы жыштык жана лицензия берүүдөгү процедураларынын ачык айкындуулугун камсыздап, мамлекеттик кызмат алууну кыйла жеңилдетет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Бул багытта министрлик дыйкан-фермерлерге бардык шарттарды түзүп берүүгө көмөктөшөрүн кабарлады. Ал үчүн кайра иштетүүчү агроөнөр жай ишканаларын, фермердик үрөн чарбаларын өнүктүрүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана жеңилдетилген каржылоого жетүүгө үзгүлтүксүз жардам берилет. Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 23-июлунда “Агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан.
Алыскы Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолунун тар жерлери тазаланып, кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.Видеодо жолчулар 85 чакырымды түзгөн Сох — Кан — Зардалы жолунун 78-85-чакырым аралыгын кеңейтип жаткан учуру."Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Аны башка айылдар менен жалгыз гана унаа жол туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат", — деп жазылган маалыматта.Президент Садыр Жапаров апрелде Зардалыга кеткен жол 2025-жылдын жазында салынарын билдирген. Ал жолду эки тилкелүү кылуу мүмкүн эместигин белгилеп, бул жолдун маанилүү экенин айткан.
Бүгүн фотокабарчы Андрей Стенинди эскерүү күнү. Бул датага карата Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы видео жарыялады.2014-жылдын 6-августунда редакциянын тапшырмасы менен кетип бара жаткан Стениндин автоунаасы Донецкиге жакын жерде украиналык аскерлердин аткылоосуна кабылып, кабарчы каза тапкан. Россиянын Тергөө комитети Украина армиясынын өкүлдөрүнүн бул кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктаган.Стенин согушту кандай кабыл алса, көрсө, ошондой чагылдырган. Камера чеберинин эмгектери — журналистикалык чынчылдыктын жогорку деңгээли.