Негизи эркек баланы эки жашынан баштап эле урологго көргөзүү керек. Азыр балдар арасында жыныстык мүчөгө байланышкан ар кандай аномалиялык оорулар да көп болуп жатканы да айтылууда. Аномалияда сийдик жыныстык мүчөнүн касы жагынан ачылганын байкоо керек.
Уролог Болот Рысбаевдин айтымында, урологиялык оорулардын аномалияга жеткирбөө кажет. Андыктан убагы менен дарыгерге көргөзүп туруу керек.