Баш катчы: ШКУ менен ЕАЭБдин кызматташуусу дүйнө архитектурасы үчүн маанилүү

Уюмдардын ортосундагы экономикалык маселелер боюнча кызматташуу ыңгайлуу шарттарды жаратары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) менен Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) кызматташуусу дүйнө архитектурасы үчүн маанилүү. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин ЕЭКтин төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолгушууда билдирди.
Сагинтаев бул багыттагы кызматташуу тууралуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө, жүк ташууларды санариптештирүүгө кызыкдар экендигине токтолду. Мындан улам ШКУ — ЕАЭБ форматында транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен жыйынын өткөрүүнү сунуштады.
"Өз кезегинде Чжан Мин ШКУ менен ЕАЭБдин өз ара кызматашуусу дүйнөнүн жаңы архитектурасын түзүүдө маанилүү болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, уюмдардын ортосундагы экономикалык маселелер боюнча кызматташуу ыңгайлуу шарттарды жаратат", — деп жазылат маалыматта.
Радио
Салиев: Кыргызстандын өткөрмө бекеттери ЕАЭБдин талаптарына жооп берет