Вашингтондун "кокустан" террордук уюмдарды каржылап алганы айтылууда

Акчанын чыпчыргасы коробой "Талибан"* кыймылына байланышкан уюмдардын бюджетине кетиши мүмкүн деген болжол бар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Америка бийлигиндеги жооптуу тараптардын террор менен байланышкан жактарды 300 миллион доллар көлөмүндөгү суммага "байкоосуздан" каржылап алганы боюнча маалыматтар тарап, ал коомчулуктун реакциясын жаратууда.
Sputnik Ближнее зарубежье бул боюнча жазып, кабар АКШнын Мамлекеттик департаментинен тараганын билдирди.
Вашингтон "кокустан" 300 миллион долларга афган террорчуларын "каржылап" алган", — деп АКШнын Мамлекеттик департаментинин отчетунда айтылганын канал жазды.
Бул акчанын чыпчыргасы коробой "Талибан"* кыймылына байланышкан уюмдардын бюджетине кетиши мүмкүн деген болжол бардыгы айтылууда.
"Эмне үчүн америкалык салык төлөөчүлөрдүн жүз миллиондогон долларын талибдерге жиберүүнү токтотподуңар? Бул силердин жумушуңардын бир бөлүгү эмес беле?" – деп суроо салган АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Мара Мэйси.
* Уюм террордук аракеттери үчүн БУУнун санкцияларында
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Ак үй Россиянын террорчулукту каржылоого айыптап иш козгошу боюнча үн катты